Биздин сервис-борборубузга маалыматтарды калыбына келтирүү иштерине тиешелүү кардарлардан келип түшкөн ар бир экинчи чалуулар “Менин Хард дискимди оңдоп бере аласыздарбы?” деген суроодон башталат. Кардарда хард диск оңдолуп, андагы файлдар ошол эле хард диске калат деген ой болот. Качан кардарга оңдоо учурунда анын хард дискиндеги маалыматтардын өчө тургандыгы кабарланганда ал абдан таң калат. Ошентип, ар бир кардарга маалыматтарды калыбына келтирүү жана хард дискти оңдоо – эки башка экендигин, ар кандай жол менен жасаларын түшүндүрүү менен алек болобуз. Натыйжада бул маселе боюнча түшүндүрүү иштерин бул кичинекей макалада айтууга туура келди.
Эмесе, айырмачылыктары кандай?
Ишке карата мамиле кылуу өңүтүнөн айырмаланат. Жумуштун максаты – оңдолгон маалымат топтогуч. Маалыматтарды калыбына келтирүүдө, эң биринчи максат – маалымат топтогучтагы маалыматтарды калыбына келтирүү, ал эми маалымат топтогучту оңдоо бул процесстин максатына кирбейт. Ошондуктан бардык маалыматтарды калыбына келтирүү иштери маалымат топтогуч үчүн аянычтуу болуп аяктайт, бирок кардарда керек болгон маалыматтар биздин маалымат топтогучтарыбызга сакталат.
Оңдоо.
Катуу дисктеги бузулууларды оңдоого багытталган жана алардын алдыдагы бул жана башка бузулууларынын потенциалдуу рисктерин алдын ала аныктоо үчүн тест кылган процедуралардын топтому болуп саналат. Бул кардарга Хард диск “бүттү, оңдоолду” сөздөрү менен берилчү нерсе эмес, тескерисинче дал ошол процедуралардын топтому. Бардыгынан мурда маалымат топтогучтун кайсыл түйүндөрү биздин кийлигишүүбүзгө муктаж экендигин аныктаган жалпы диагностика жасалат. Бузулуулар ар кандай болот: сырткы катмардын деградациясы (дайыма бет алдыбыздан чыккан иштебей калуу түрлөрү), электроника платасынын түзүмдөн чыгуусу, микропрограммадагы каталар, генератордун блок моторунун иштебей калуусу. Ар бир бузулуунун өз себептери бар (же болбосо бир канча себептери), ийгиликтүү оңдоо үчүн бузулган бөлүктөрдүн бирөөнү эле табуу эң негзиги бузулган нерсени аныктоодон да маанилүрөөк. Мисал келтирели. Маалымат топтогучтун кызматчы областында ката чыкты. Эгер биз катаны жөн гана оңдоп, анан жабдыкты ээсине берип койсок, бул бузулуу сөзсүз бат эле кайрадан кайталанат. Ошондуктан, катаны оңдогондон кийин, биз маалымат топтогучтун башка бөлүктөрүн текшерүүдөн өткөрөбүз жана жабдыктын сырткы катмарынын деградацияга учурагандыгын табабыз (көптөгөн дефектик секторлор пайда болду). Мындай абалда, маалымат топтогучтун кызматчы областындагы катанын жөнөкөй эле нерседен келип чыккандыгы белгилүү болот: маалымат топтогуч дефектик секторду “табат” жана аны өзүнүн ички алгоритмдери менен иштете баштайт (көбүнчө бул резервдик зонадан кайра дайындоо менен секторлорду дефектин өсүп бараткан листине – G-List алып барат). Андыктан сырткы катмары дегрдацияга учурайт, дефектик секторлордун саны жогорулай берет жана жыйынтыгында маалымат топтогучтун G-Listти толот, натыйжада ага жаңы дефекти алып барууга такыр болбой калат. Ошентип микропрограмма G-Listке тыгыздап батырганга аракет кыла баштайт. Бирок, анда бош орун жок! (G-List – өз өлчөмү бар кызматчы зонадагы модуль; өз өлчөмүнөн ашыкча дефектерди жүктөөгө болбойт). Микропрограмманын иштеши токтойт, ал эми маалымат топтогуч “катып” калат. Өчүрүп жандыргандан кийин, эми ал системада, микропрограммада көрүнбөй калат. Эми кайра ката кылууга жол бербөө үчүн автоматтык түрдө маалымат-топтогучтун трансляциясынын модулдарынын иштөө стадиясы кулптанып калат. Айтып бүттүк.
Мындай учурда бир гана кызматчы зонаны оңдоп эле эмес G-Listттин кийинки өрчүүчүсүнө да бөгөт коюу керек. Муну маалыматтар үчүн зыяндуу болгон эки жол менен жасоого болот: дефектердин саны көп болгон секторлорду трансляциядан алып салуу же болбосо трекке сектордук дефектерди пайда кылуу ошондой эле аларды трансляциядан чыгарып салуу. Экөө тең РС-3000 комплекси менен жасалат жана маалымат-топтогучтун трансляторлорун кайра эсептеп чыгууну керектирет. Бул процедуралардан кийин маалымат топтогучтагы файлдар башка жакка алынат. Жаңы транслятор жаңы ордунан түшүрүүнү пайда кылат, дисктик мейкиндиктин дарегин өзгөртөт (трек жана секторлордун бир бөлүгү кетет, алардын ордуна жаңылары дайындалат жб).
Бузулуулардын ар бир түрүнө токтололу. Биз өз ишибизге кепилдик беребиз, ошондуктан жумуш аткарылгандан соң маалымат топтогуч дагы бир ирет стресс-тестирлөөдөн өтөт: маалыматтар жазылып көрүлөт, сырты окулат жана верификацияланат, SMART тест жүргүзүлөт, системаны тестирлөө, диск жайгаштыруу (дисктеги маалымат окутуу жана маалымат жазуу, “көпөлөк” тести, качан маалымат топтогучка арты-артынан ар башка головка боюнча сыртынын ар кайсы жерине жайгаштырууга командалар берилет) жб. Жыйынтыгында маалымат-топтогучтун кепилдик берилген мөөнөт ичинде маалыматтарды сактоо жабдыгы катары иштешине ишенебиз. Бирок, маалымат топтогучтагы маалыматтар калыбына келтирүү стадиясында болбой калат.
Маалыматтарды калыбына келтирүүдө бардыгы биз ойлогондой эмес
Оңдоо жана маалыматтарды калыбына келтирүүнүн негизги окшош иши – диагностика, бирок маалыматтарды калыбына келтирүүдө диагностика башкача жүргүзүлөт. Баарынан мурда, маалымат үчүн ар бир бузуучу процедуралар толугу менен чыгарылат: жазуу тесттери, SMART-тесттер, жайгаштыруу системасын тестирлөө жб. Андан соң, көп учурда маалымат-топтогучтун ичи ачылат (негизинен оңдоп жатып мындай жасалбайт). Электрониканын платасын оңдоодо маалыматтардын өчүп кетүүсүн алдын алган (ыңгайлашкан параметр башка жакка көчүрүү, технологиялык режимдерди жана технологиялык туташтыргычтарды колдонуу жб)) шарттар сакталат.
Маалыматтарды калыбына келтирүү бузулган маалымат топтогучтагы маалыматтарды алууга багытталган иштердин комплекси болуп саналат. Ал иштөө процессинде көп учурда бузулган абалда калып кетет, анткени аны оңдоо жана маалыматтарды сактоо бири-бирине шайкеш эмес. Жөнөкөй эле мисал келтирели. Капыстан эле көлөмү 1 Мбайт болуп көрүнүп калган SSD Samsung маалымат топтогучу. Мындай маалымат топтогучтун оңдолушу эң жөнөкөй: ага лоадерди жүктөө керек, трансляциянын жадыбалдарынын (таблица) баштапкы маанисин берүү жана “тректи форматтоо” командасы менен сырткы маалыматтарын өчүрүү. Бул дөнөкөй процедуралардан кийин биз ишке жарактуу бирок маалыматтары өчкөн, бош SSD ге ээ болобуз. Эгер биз андагы маалыматтарды калыбына келтирүүнү көздөсөк, эми процесстин механикасы такыр башкача болгон болот. Маалымат топтогуч safe modeго жайланышат, ага микрокод жүктөлөт, эстен трансляциянын жадыбалын чыгаруу иши жүрөт (алар көбүнчө бир канча болот, ошондуктан маалымат топтогуч өзүнүн чыныгы көлөмү менен көрүнбөй калат – трансляторду тандоо этабында колдонулушу керек болгон микропрограмма “катып” калат), маалымат топтогучтун буфердик эсине жүктөлгөн релеванттык жадыбал тандалат, андан кийин SSD нин ар бир микросхемасы, колдонулган (тандалган) транслятор боюнча отелдик дампка (компьютердин эсин бошотуу учурунда алынган, же бир маалымат топтогучтан экинчи маалымат топтогучка өткөрүлгөн маалыматтар) окула баштайт. Качан бардык чиптер окулганда, кийинки жумуштар кабыл алынган дамптар менен иштей баштайт; эгер маалымат топтогчтан электр тогун алып салса, ал кайра эле 1 мбайттык көлөмдөгү капкара кирпичке айланып калат.
Катуу дисктер деле дал ушундай процессте. Бирок маалымат топтогуч менен бир жолу же чектелген өлчөмдө иштетүүгө боло турган бир нече процедуралар бар: генератордун блок моторун алмаштыруу. Мындан кийин көбүнчө маалымат топтогуч туруктуу иштей албай калат жана маалыматты окуганга жете турганчалык гана убакытта иштей алат. Мындай болуп калышы да ыктымал, маселен кардарга керек болгон бардык маалыматтарды калыбына келтирүүдө бир эмес бир нече топтом (комплект) головка керек болот. Албетте, мындай шартта оңдоо тууралуу эч кандай сөз ачпоо керек жана мунун себеби белгилүү. Заводдо ар бир маалымат топтогуч өздүк түйүн топтому менен калибрделинет. Биз бардыгын түшүнөбүз, албетте бир заводдо эң жогорку деңгээлдеги стандарташтыруу жүргүзүлсө да, катарлаш жасалган эки маалымат топтогуч бири-бирине такыр окшобойт.
Мына ошондуктан өндүрүү процессинде анча-мынча жол берме системасы иштелип чыккан: ар кандай деталь, ар түрдүү түйүндүн (узел) параметрлеринде кичинекей дал келбестик болот. Мисалы, 43 өлчөмдөгү бут кийимди чыгарып жатканда, ар бир бут кийимдин тамандары бири-биринен 2 мм айырма берип калышына жол берилет. Ошондуктан HDD жана анын тетиктери, жабдыктары менен болгон жумуштарда да айырмачылыктар болуп турат. Бирок, электроникадагы дал келбестиктер өтө аз жана кичинекей. Бирок, тректердин микроскоптук өлчөмдөрүндө, керек болсо жүздүк микрон айырмачылык, аппараттын бардык ишине терс таасир берет, ошондуктан донордук головкалар, дал өзүнүн баштапкы тетиктери сыяктуу, оңдолуп жаткан маалымат топтогучтун сыртын тез жана туруктуу түрдө эч качан окубайт. Маалымат топтогучту оңдоо менен маалыматтарды калыбына келтирүүнүн айырмасы тууралуу суроого жооп бере алдык деген ойдобуз.