Пайдалуу маалымат

Маалыматтарды калыбына келтирүү үчүн флеш-картаңызды (топтогуч) бизге алып келерден мурда эмнелерди билүү керек?

Тигил же бул топтогучтан (флеш-карта) кайсы бир маалыматты калыбына келтирүүнүн баасы канча турат, канча убакытты алат, калыбына келтирүүнүн кепилдиги болобу, муну аткаруу үчүн атайын жабдыктар барбы?- деп бизден көп сурашат. Жабдыктардан сөз баштайлы. Албетте, жабдык бар, болбосо кантип флеш-картадагы маалыматтар профессионалдуу деңгээлде калыбына келтирилсин? Бизде файлдарды калыбына келтирүү үчүн программалык-аппараттык комплекс (АСЕ Lab, SoftCenter, ЭПОС компаниялары тарабынан иштеп чыгарылган), ламинардык-шкаф жана чечип-жыйноо үчүн керектүү шаймандар, пайкалар (ширетүүчү жабдык), флеш-картаны (топтогучту) тазалоочу жабдыктар жана жардамчы жабдыктар, керектелүүчү материалдар (тазалоочу суюктуктарды эсептегенде), донорлор тарабынан берилген жабдык-тетиктер бар. Ошондой эле бул жабдыктарды колдоно билген тажрыйбалуу адистер иштейт. Эми маалыматтарды (файлдарды) калыбына келтирүүнүн баасына эмнелер кирерин айта кетели.

Биринчи учур. Жумуштун оордугу.

Аныкталган градация бар. Биринчи, экинчи, үчүнчү оордук даражадагы маалыматтарды калыбына келтирүү, ошондой эле маалыматтарды калыбына келтирүүнүн өтө кыйынчылыктуу жолу. Бул эмнени түшүндүрөт?

Биринчи даражадагы кыйынчылык – маалыматтарды (файлдарды) калыбына келтирүү үчүн флешка-картанын ишине  кандайдыр бир физикалык кийлигишүү керек, флеш-карта штаттык тартипте иштейт жана анын физикалык бузулуусу жок.

Экинчи даражадагы кыйынчылык. Топтогучтун (флеш-карта) системалык областында бузулуулар болот: кызматчы маалыматтын бузулган модулдары, ROMдун ичиндеги маалыматтардын жараксыздыгы, кызматчы тректердеги дефектик секторлор жб. Электрондук курамдык бөлүктөрдүн же гермозонанын бөлүктөрүнүн алмаштырылуусу же оңдолуусу керектелбейт.

Үчүнчү даражадагы кыйынчылык. Топтогуч  (флеш-карта) физикалык жактан бузулган. Топтогуч  (флеш-карта)  электроникасынын платасы же гермоблоктун кайсы бир бөлүгү (магниттик бөрктөрдүн блогу, актуатордун катушкасы, коммутатор-күчөткүч чиби жб). Мындай учурда маалыматтарды калыбына келтирүү үчүн керектүү тетиктерди (запчасть) алганга флеш-карта – донор керектелет. Мындай флешка-карта (топтогуч) маалыматтарды калыбына келтирүү учурунда ар дайым дагы бир ирет колдонууга  жараксыз болуп калат.

Маалыматтарды калыбына келтирүүнүн өтө кыйынчылыктуу жолу. Магниттик бети бузулган, же флеш-карта (топтогуч) бизге келе электе ачылып көрүлгөн, же болбосо пластиналары булганган (колдун изи түшүп калган жб). Бул себептербин ичинен ар бирине өзүнчө жумуш керектелгендей эле, оордугуна жараша эмгек акысы да коюлат.

Экинчи учур. Жумуштун мөөнөтү.

Жумуштар 3 типтүү приоритет боюнча аткарылат: 24 саат (өтө артыкчылык берилген буйрутма, буйрутма эң кыска мөөнөттө бүтүрүлөт, үстүңкү планка – 1 суткада; мындай буйрутмада катардагы калыбына келтирүү иштерине караганда 300 % га жогору акы төлөнөт), 72 саат (артыкчылыктуу буйрутма, маалыматтарды калыбына келтирүү 1 – 3 сутканы алат; мындай буйрутмада катардагы калыбына келтирүү иштерине караганда 200 % га жогору акы төлөнөт) жана кадимки калыбына келтирүү иши (стандарттык режимде аткарылуучу: 3 суткага чейин диагностикада болот. 14 суткага чейин маалыматтар калыбына келтирилет). Приоритеттүүлүктөн сырткары жумуш убактысынын эсеби болот. Мисалы, 1 терабайттык флеш-картанын (топтогучтун) файлдарынын калыбына келтирилүүсү 3 терабайттык флеш-картанын (топтогучтун) файлдарын калыбына келтирүүсүндөгүдөй баада эсептелбейт. 3 терабайттык флеш-картанын (топтогуч) маалыматтарын калыбына келтирүүдө 3 эсе көп убакыт сарпталат.

Үчүнчү учур. Калыбына келтирүүнү физикалык жактан ишке ашыруу

Биз маалымат сактаган ар бир жабдык менен иштей алабыз. Маалыматтарды калыбына келтирүү, айталы, Хард Дисктеги файлдарды калыбына келтирүү, флеш-карта жана CD деги маалыматтарды калыбына келтирүүдөн кескин айырмаланарын билүү зарыл. Маалыматтарды калыбына келтирүү учурундагы процедуралар ар түрдүү жабдык үчүн ар башка болуп саналат (ошентсе да жыйынтыктары бирдей: кардардын маалыматтарын калыбына келтиребиз). Ошондой эле, бул процедуралардын баалары да ар түрдүү. Бириккен маалыматтарды калыбына келтирүү менен (айталы, SSHD же стриммерден) бул нерсени эске салуу керек, эки жабдыктагы  маалыматты калыбына келтиргендин акысы алынат, башкача айтканда кош тарифти колдонууга туура келет: SSHD – флеш-эстин микросхемасынан жана магниттик пластинадан маалыматтар калыбына келтирилсе; стриммирдик лентада – лентадан аналогиялык сигнал режиминден, санариптик сигналдан алынат). Албетте, биздин менеджерлер сиз менен тил табышып, төмөндөтүлгөн коэффициентти киргизиши мүмкүн. Бирок, бул жумушту аткарууга кеткен убакыт жана эмгекти алгандыгы үчүн, кайра эле буйрутманын мөөнөтүнө көз каранды.

Төртүнчү учур. Негизги процедуралардын аткарылыш мөөнөтү жана алардын ийгиликтүүлүгүнүн даражасы.

Үчүнчү даражадагы жана маалыматты калыбына келтирүүнүн эң оор жолу учурунда кымбатка турган процедураларды бир же бир нече жолу жасоо керек болуп калышы мүмкүн экендигин билүү зарыл. Мисалы, БМГ (магниттик головкалардын блогу) ны алмаштыруунун бир нече опеарциялары. Мындай учурда ар бир өзүнчө жасалган операцияга акы төлөө керек болот, ошондой эле керектелген донордук жабдыктарга да акы төлөө шарт. Бул процедуралар жумушунун кайталанышы бир нече факторлор менен шартталат. Көбүнчө: Магниттик головкалар блогун түзүлүштөн чыгарып жибере турган үстүндөгү микроскоптук-бузулуулар; көп баштуу флеш-картанын (топтогуч) болуусуна магниттик головкалар блогунун толук ыңгайлашпоосу (көбүнчө 3 – 4 магниттүү пластиналары бар флешк-карталар (топтогуч) үчүн актуалдуу; эрежеге ылайык, ушундай флеш-карталардагы (топтогуч) магниттик головкалар блогун алмаштырууда бардык эле головкалар ийгиликтүү адаптацияланбайт, ошондо бул характеристикадан айырмасы болгон башка донордук жабдыктардын головкаларынын адаптациясы керектелет). Албетте, биздин менеджерлер мындай калыбына келтирүүлөрдү ишке ашыруунун башка жолдорун издешет (төмөндөтүлгөн коэффициенттерди киргизет, колдонууга second hand донордук жабдыктарды сунуштайт жб.). Бирок, маалыматтарды калыбына келтирүүнүн акыркы чечимин менеджер эмес, оңдоп жаткан адис кабыл алат жана эгер ал second hand донордун ордуна жаңы донордук жабдык керек десе, анын талабын менеджердин орундатпай коюсуна акысы жок. Ушул нерсе биринчи жана экинчи даражадагы калыбына келтирүүлөр процессине да тиешелүү. Мисалы, эгер сиздин флеш-картаңызда (топтогуч) бир жолку типтүү бөлүк бар болсо (HFS жана NTFS, же FAT жана NTFS, же болбосо NTFS жана виртуладык машиналардын бөлүктөрү жб), алар түрдүү алгоритмдер боюнча иштелип чыгат, бирок жалпы цикл боюнча ар бир маалыматтардын калыбына келтирилүүсү, албетте, тиешелүү түрдө акысынын төлөнгөн болуусу керек.

Маалыматтарды калыбына келтирүүнүн мөөнөттөрү Сиз тандаган тарфитерге абдан көз каранды. Ишке киришүүдөн мурда биз диагностика жасайбыз, мунун натыйжасында биз ишти аткаруу үчүн канча убакыт керектелишин билебиз. Маалыматтарды калыбына келтирүү качан гана сиздин флеш-картаңыздагы (топтогуч) акыркы маалымат (файл) топтогуч-таргетке (флеш-карта)  көчүрүлгөндө гана ийгиликтүү деп эсептелерин түшүнүшүңүз шарт. Маалыматтардын сиздин флеш-картаңызга (топтогуч) көчүрүлүшү маалыматтарды калыбына келтирүүдөгү атайын мөөнөткө кошулуп эсептелбейт, биз калыбына келтирилген файлдарды өзүбүз сиздин флеш-картаңызга (топтогучуңузга) көчүрүп коёбуз. Ошондуктан, эгер сиз иш процессин тездетүүнү кааласаңыз, эгер сизге тез арада керек болсо, анда калыбына келтирилген маалыматтарды жүктөө үчүн бош, таза флеш-карта (топтогуч) алып келиңиз. Эсиңизде болсун, алып келинген флеш-карта (топтогуч) таза болушу керек: биз калыбына келтирилген маалыматтарды эскертүүсүз ага жаздырабыз (көчүрөбүз). Билип коюңуз,  тез арада калыбына келтирүү учурунда (24 саат) маалыматтар үчүн алып келген флеш-картаңыз (топтогуч) бузук, ишке жараксыз болсо, биз сиздин калыбына келтирилген маалыматтарыңыздын толук түрдө жаңы флеш-картага (топтогуч) өтүшүнө же көчүрүлүү убагында жабыр тарткандыгына жооп бербейбиз. Бул тез арада калыбына келтирүү учурунда сиздин флеш-картаңызды (топтогучту) текшербегендигибиз менен байланыштуу, анткени, эскертилгендей эле алып келинген флеш-карта (топтогуч) таза жана оң абалда болуусу керек.

-5%