Компьютердин жаңыланышы

Компьютердин жаңыланышы

Эгер сизди үй компьютериңиздин жана жумуш компьютериңиздин күч өзгөчөлүктөрү канааттандырбаса, анда эки түрдүү нерсени жасаса болот. Биринчиси – эң жөнөкөй, ошол эле учурда кымбат – бул жаңы жабдыкты сатып алуу. Анда компьютер оюндарын сүйгөн күйөрмандар жылына бир жолу оюн компьютерин алмаштырып турууга туура келет. Ал эми бул учурда эскирген компьютердин баасы эки эсеге арзандап кетет. Экинчиси – алда канча тажрыйбалык кадам, бул – компьютердин жаңыланышы. Апргейд («upgrade» деген англис сөзүнөн алынган, “абдан күчтүү абалга жеткирүү” дегенди билдирет) эскирип калган жабдууларды жаңы, алда канча өндүрүмдүү жабдууларга алмаштыруу. Бул сиздин компьютериңиздин энелик платасына көз каранды. Сиздин компьютериңиздин системалык блогунда  кандай типтеги энелик плата орнотулгандыгына карап, ал жердеги оперативдик эсти, видеокартаны же болбосо процессорду жаңы жана күчтүүлөрүнө алмаштырууга болот.

Компьютердин жаңыланышы – анын өндүрүмдүүлүгүн, иштөө жөндөмдүүлүгүн жогорулатуунун эң жакшы жолу. Бирок компьютердеги жабдыктарды алмаштыруудан алдын “темир” архитектурасы жана орнотула турган программларды эске алуу керек. Сиз, системалык блоктогу жабдыктарга белгилүү бир каражат жумшоо аркылуу компьютериңиздин иштөө күчүн жаңы заманбап компьютерлердин деңгээлине жеткире аласыз. Бирок, компьютериңиздин иштөө күчүн жогорулатуу бары бир чектелүү боло тургандыгын да билип коюшуңуз керек. Мындай учурда аны алмаштырууга туура келет. Компьютерди жаңылоодо биринчи кезекте “ишти кечеңдеттирген” анын жабдыктары жаңыланат. Ошентип күчтүү видокарта жана процессор менен алда канча өндүрүмдүү компьютер пайда болот. Бирок кичинекей көлөмдөгү оперативдик эске, $250 долларлык күчтүү процессорду орнотконго караганда $30 долларлык кошумча эс модулун кошуу менен компьютердин иштөө жөндөмдүүлүгүн күчтөндүрө алабыз. Мындан сырткары, кошумча эсти орнотуу үчүн адистин бир  нече секунд гана убактысы кетет, күмөнсүз, кесипкөй адистердин жардамы менен апргейд үчүн аз эле каражат коротуп, купулга толгон жыйынтыктарды алса болот.

Кесипкөй адистер тарабынан параллелдүү ишке ашырылган комьютердин оңдолушу жана жаңылоо, төмөндөгү факторлорду кучагына алат:

-Оперативдүү эс-тутумдун санынын артышына жакшы эффект берет, Windows 7 же Windows 8 иштөө системасынын толук кандуу иштешине эң аз 2 ГБ Оперативдик эс-тутум керектелет. Ал эми Windows XP үчүн 1 ГБ жетиштүү. Оперативдик эс-тутум модулдарынын кошулушу системанын ишке киришине кеткен убакытын азайтат. Тиркемелердин иштешин тездетет жана компьютердин аз гана күчүн алып, бир канча программанын бир эле учурда иштешине мүмкүнчүлүк берет.

Эки, төрт жана сегиз ядролуу процессорлордун эффективдүүлүгү боюнча колдонуучулардын дагы деле талашып-тартышышы –  дайыма эле туура айтууга болбогон маселе. Эгер сиз стандарттык иштөө системасын (операционная система) колдонсоңуз жана кубаттуу комьютерге муктаждыгыңыз жок болсо, жаңы процессор алганга бир нече акча коротуунун кереги жок. Албетте, бир нече тапшырмалар жана тиркемелер менен мультибашкаруу режиминде иштегенди тандагандар үчүн айырмасы чоң болот жана мындай колдонуучуларга процессорду алмаштыруу – убакытка көз каранды. Бул этапта бир гана көп ядролуу процессорлор үчүн даярдалган бардык жаңы программалар пайда болорун эске алсак, көп убакыт өтпөй эски компьютерлерди колдонууга мүмкүн болбой калат. Эгер сиз оор графикалык редакторлор менен ишесеңиз, видео монтаж кылсаныз же болбосо файлдарды иштетүүдө көп күчтү талап кылган заманбап программаларды колдонуп архитектуралык калыптарды чийсеңиз, анда виеокартасы алда канча кубатуу, кеңейтилген оперативдик эс тутуму бар жана муздатуу системасы эң мыкты компьютер алууну ойлонуу керек болот. Мыкты ырасталган жана орнотулган программалык камсыздоолорду оптималдоо менен түздөн-түз байланышкан компьютердин өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуучу программалык ыкмаларга келсек, профессионалдык кийлигишүү жаңы жабдыкты орнотпостон эле компьютериңиздин батыраак иштешине жардам берет. Компьютердик кызматтын адиси саналуу убакыттын ичинде  Windows тун процессорлорунун тез аракеттенүүсүнө таасир берген керексиз программаларды өчүрүп, дисктин дефрагментациялап жана программаларды жаңылап компьютериңизди алда канча заманбап жана ылдам иштей турган кылып берет.

-5%