Эгер сиз маалыматтарды жоготуп алсаӊыз эмне кылыш керек?

Катуу дисктер (НЖМД, же HDD) маалыматтарга сизди ар кандай себептер менен «коё бербеши» мүмкүн, аларды 4 негизги типтерге бириктирсе болот(аларды иштин татаалдыгы боюнча уюштурсак болот): логикалык бузулуулар, микропрограммалардагы бузулуулар, башкаруу платадагы бузулуулар жана гермозонанын ичиндеги бузулуулар.

  1. Логикалык бузулуулар.

Топтолуучу оӊ абалында, BIOSто же операциондук системада корректүү аныкталат, дефекттүү секторлору жок болот. Кээ бир учурларда бөлүмдөрү жана файлдары көрүнөт, кээ бир учурларда көрүнбөйт. Бүтүндөй мындай бузулууларды түрлөргө ажыратсак болот:

1) Диск форматташтырылган.

2) Диск форматташтырылган, жана ага жаӊы операциондук система орнотулган,кандайдыр бир маалыматтар жазылган.

3) Кардардын маалыматтары(же алардын бөлүгүн) алып салынган.

4) Бөлүктөрдүн көлөмү өзгөрүлгөн, же жылып кеткен,бирок операция корректүү бүтпөй калган(мисалы,бул операция учурунда электртуташтыруу өчүрүлүп калган).

5) Аталыштардын бөлүктөрү же файлдык таблицалардын бөлүгү бузулуп калган.

6) Бөлүктөр же файлдар жашырылган(кардардын өзү менен же кандайдыр бир зыяндуу программа-вирус менен).

Мындай учурда эмне кылса болот?

1) Сиздин топтоочунун толук секторлук аралык копиясын башка физикалык маалымат алып баруучуга түзүү.

2) Бул копияда аракет кылуу (оригиналын тийбей туруп) интернет сизге сунуштаган баардыгын,сисадмин-досу же Марс руху.

3) Эгер эч нерсе жардам бербей жатса-оригиналды компанияга алып келиӊиз,ал жерде маалыматтарды калыбына келтирүү боюнча иш менен профессионалдар киришет.

Мындай учурда эмне кылбаш керек:

1) Эӊ башкысы- «логикалык» ката кеткен дискке эч нерсе жазбоо керек.

2) ScanDisk же MHDD деген программалык бөлүк менен же кабыл алынбаган диск менен «дарылоо» го аракет кылбаӊыз: бул жардам бербейт,тескерисинче кырдаалды кыйындатат. Өзгөчө ScanDisk программасын колдонуу-ал  окуган маалыматтардын фрагменти катары берилгенин, бул программа болсо атайын түзүлүүчү папкалар ошол эле дискте (Microsoft то жиндилер иштебесе керек дегендей, програмисттер болушу керек… жок L),мында  бүт калыбына келтирүүчүлөрдү тескерисинче баарын өчүрүп салат..

3) Оригиналдуу дискти «сисадмин», «сисадминдин байкеси» же «мен Windows ту билем!» дегендерге бербеш керек. Эксперимент катары сиз алардын каалаганына Сиздин дисктин образы катары берсеӊиз болот, оригиналды болсо профессионалдар үчүн сактап коюӊуз.

2. Дисктин микропрограммасынын бузулуулары.

Карап көрсөк бул эӊ кенен таралган жана кыйынчылык менен диагностикаланган, массалык түрдөгү бузулуу. Мындай учурда атайын жабдыксыз жана атайын билимсиз эч нерсе кылууга мүмкүн эмес-топтоочуну адистерге алып барууну сунуштайбыз. Сизде микропрограммада бузулууну аныкташ үчүн эмне кылыш керек?Симптомдордун эӊ эле көп учурда кездешүүчүсү- топтоочу система менен аныкталбай жатат(BIOSто көрүнбөйт) же система менен көрүнөт, бирок бөлүктөрдү жана маалыматтарды көрсөтпөй жатат. Чындыгында,акыркы кыррдаалда мындай көрүнүштүн себеби болуп, дефекттүү секторлор болушу мүмкүн-бул учурда дагы, атайын окулуучу аспаптарсыз, өз алдынча чечүү мүмкүн эмес.

Эмне кылса болот:

1) Иштөөчү туташтырууну текшерүү үчүн, иштеген кабель аркылуу топтооочуну туташтыруу.

2) Эгер диск жүрбөй жатса – аны адистерге алып барыӊыз.

Эмне кылса болбойт:

1) Иштөөчү дисктен электрониканын платасын алып алмаштыруу болбойт. Заманбап топтоочулардын адаптивдик параметрлери бар, алар ROM башкаруучу платаларда жазылган. Топтоочулардын жарымында апараттык жашыруунун чиптери бар. Албетте, маскалык ПЗУ, микропрограммалардын версиялары жана дагы ушундай майда-чүйдөлөр гермоблокко платаны өстүрүүдө эске алуу  менен билиш керек. Эмне үчүн болбойт? Статикалык электр чыӊалуу, баарыбызда эле бар, ал микросхеманы оӊой эле гермоблоктун ичиндеги коммутаторду өлтүрөт. Ошондо кызматта баналдуу көйгөйдү оӊдоо, толук башчаны алмаштырууга алып келет.

2) Дискти ачууга болбойт. Ишенсеӊиз, Сиз баарибир ичиндеги менен эч нерсе кыла албайсыз- бирок мындай топтоочудан маалыматарды калыбына келтирүүгө мүмкүнчүлүктү алда кыйла аз.

3) Мен «сисадмин», «сисадминдин байкесимин» же «мен Windows ту билем!» дегендерге дискти бербешиӊиз керек. Эч ким биле албайт, мындай мырзалар сиздин топтоочуӊуз менен эмне кылаарын-мүмкүн, аны ачууга аракет жасашат, же башка ЖДдан\каттуу дисктен(КД)(кар.п1жана 2) башкаруучу платаны «өстүрүүгө» аракет жасашат.

4) Интернет майданында табылган «оӊдоочу»-программаларга кайрылууга болбойт, алар программаларды кызматтык чөйрөгө бир нерсени жазууга аракет кылышыт.  Кызматтык маалыматты кайра жазуу, көпчүлүк учурларда маалыматтарды такыр эле кайра калыбына келтирүүгө мүмкүндүк бербейт. Эч жакта. Эч бир акчага дагы.

  1. Топтоочунун башкаруучу платасы бузулду.

Адатта мындай бузулуштун тибин оӊой диагностикаланат: электрониканын платасын акырын бурап алып, караса болот. Эгер Сиз электрондук компоненттердин күйгөнүн көрсөӊүз же чоӊ микросхемаларда тешиктерди көрсөӊүз – анда плата «өлдү» дегенди кепилдик менен түшүндүрөт. Мындай учурларга дагы- платадагы электрондук компоненттер күйүп калса же коррозиянын башка бир тибине жабыркаса дегендер да кирет. Мындай учурда дисктин ээсине, «оорулуу» компоненттерди пайкалап чаптоого же ошол SMD-элементтерин алмаштырса болобу? Сөзссүз, эгер топтоочунун ээси сапаттуу пайкалап чаптоого тажрыйбасы болсо, 100%га аларды тандай алса, жана дагы Диод Шотткинин ордуна транзисторду же тиристордун ордуна индуктивдүүлүктү ордун алмаштырбаса эле. Эгер мындай ишти жасоого шек санасаӊыз, анда топтоочуну адиске гана алып барууну сунуштайбыз. Мүмкүн эмес категориясынан төмөнкүлөрдү сунуштайбыз:

1) Иштөөчү топтоочудан платаны алмаштыруу болбойт. Ийгиликтүү жыйынтык менен бүтүшүнө шек саналуу,тескерисинче коммутаторду «өлтүрүп» аласыз.

2) Эгер Сиз пайкалоону билбесеӊиз,анда кандайдыр бир чиптерди пайкалоого аракет кылбаӊыз.» Интернеттен кара палам, ал жерде баары бар, жасап алам» деген – жаӊылыштык болот.Сиз уникалдуу бир чипти ысытып салууӊуз мүмкүн, ал жок маалыматтарды калыбына келтирүү Марстагы жашыруун лабараторияда  да мүмкүн болбойт.

  1. Дисктин,башчанын,тышкы физикалык бузулуулар.

Берилген типтер үчүн өтө кооптуу бузулуу, анткени логика же кызматчы модуль «өлбөйт»- бүтүндөй бул же тигил дисктин түйүнү өлөт. Тышкы түзүлүшүндө дефектилердин пайда болушу бул көйгөй эмес, дисктин байкоо системасы бар, эгер бир бузулуштар болсо ал көйгөйдү озү эле «оӊдойт». Эгер дефектилер көп болсо(мисалы сыртын чийилип калса)-анда диск мындай көйгөйдү чече албайт; көйгөйлөр бат эле топтолуп калат, диск «тормоздоп» калат. Баары көк экран менен бүтөт. Чийилүү ар кандай себептерден пайда болушу мүмкүн: туура эмес өчүрүлгөн компьютер(туташтыруу дисктин иштөө убагында өзүнөн өзү «өчүп калды», ал кезде «башчалар» менен сыртында активдүү «кыймылдаган» учурда), түшүп кетүү же урунуу( мындай учурда сөзссүз эле компьютер же дискке- көпчүлүк учурда столдун үстүнө китеп же телефонду түшүрүп алса деле жетиштүү)- аздыр… Жыйынтыгы бирдей болот-диск маалыматтарды бербей калышы ыктымал.

Башка көйгөйлөр-бул (БМГ) окуу-жазуу башчаларынын бузулуусу.Аларды оӊой эле  гермоблоктун ичиндеги такылдактан аныктаса болот(ал катуу болушу мүмкүн-адатта ал WD жеToshibaда кезигет, же акырын, үнү аз эле чыккан-мисалы, Samsung же Seagate топтоочуларда). Профессионал эмес мындай учурда эч нерсе кыла албайт- атайын лабораторияга алып барыш керек.

Эмне кылуу керек, эгер Сиз сиздин дискте физикалык көйгөй бар деп ойлосоӊуз:

1) Ошол замат топтоочуну өчүрүшүӊүз керек.

2) Топтоочуну адиске алып барыӊыз.

Эмне кылбаш керек:

1) Топтоочуну ачпашыӊыз керек.

2) Топтоочуну силкилдетпеш керек, аны урбаш керек жана ЖД механикасын башка жолдор менен «оӊдоого» аракет кылбаш керек. Заманбап топтооочу- биринчи моделиндеги «Жигули» эмес, тээп жүргүзө албайсыз.

3) Топтоочуну профессионал эместерге бербеш керек. Мындай топтоочуну ачуу 90% убактарда, атайын коргоочу кийимди кийүү менен, таза бөлмөдө же таза боксто, билген адам аркылуу оӊдолушу керек.

Жыйынтыктап айтканда: Сиздин маалыматтарыӊызды ийгиликтүү, калыбына келтирүү 50%га, бузулууну байкаганда кимге Сиз кайрыласыз жана 50%га топтоочу менен Сиз эмне кыласыз, бул сиздин каалоӊуз.

-5%