Жабдыктар

Жумушту ийгиликтүү бүтүрүү үчүн сапаттуу жабдыктардын керектелиши -тартышылгыс чындык. Ансыз жадагалса аппараттын жарымын оңдоо мүмкүн эмес. “Комп мастер” сервистик борбору коюлган милдеттерди тез арада жана натыйжалуу аткаруу үчүн керектүү жабдыктар, шаймандар менен жабдылган.

1.Маалымат топтогучтардагы маалыматтарды калыбына келтирүүчү PC3000 Express + Data Extractor комлпекстер – күмөнсүз,  HDD маалымат топтогучунан маалыматтарды калыбына келтирүүдөгү эң маанилүү жабдыктар болуп саналат.
2.Маалымат топтогучтарындагы маалыматтарды калыбына келтирүүчү PC3000 SSD комплекси – SSD маалымат топтогучтарын оңдоо жана маалыматтарды калыбына келтирүүдө колдонулган программалык комплекс.
3.PC-3000 Flash комплекси – NAND – эс базасында маалымат топтогучтардагы маалыматтарды калыбына келтирүү үчүн программалык-аппараттык комплекс, толук топтом (комплект).
4.Data Extractor Express RAID Edition – RAID массивдеги маалыматтарды калыбына келтирүүчү программалык-аппараттык комплекс.
5.SAS/SCSI комплекси – маалыматтарды калыбына келтирүүчү программалык-аппараттык комплекс, SAS/SCSI интерфейси бар HDD маалымат топтогучунун оңдолушу жана диагностикасы. Эгер бул комплекс жок болсо, RAID конфигруациясындагы көптөгөн серверлерге орнотулган SAS/SCSI дисктериндеги маалыматтарды калыбына келтирүү мүмкүн эмес.
6.“Эпос” компаниясы тарабынан өндүрүлгөн Flash reader. Жакшы ылдамдык менен чоң NAND-микросхемаларды окуй алат. eSATA интерфейсин колдонот.
7.Секундуна 2 Гигасэмп тандоосу бар санариптик RIGOL 200MHZ осциллографы.
8.Инфракызыл ширетүүчү станция. Ар кандай типтеги монтаждын микросхемаларын ширетүү шайманы.
9.Gordak компаниясынын термо-абалык ширетүүчү станциясы. Жөнөкөй микросхемаларды жана SMD—элементтерин ширетүү шайманы
10.Ламинардык шкаф. 100 класстагы Катуу магнитик дисктеги маалымат топтогучтун гермозонасынын иши үчүн абаны тазалоону камсыздайт.
11.HDD Surgery компаниясынын ар кандай үлгүдөгү катуу дисктери үчүн блок мотордун генераторунун чечилмелеринин топтому (комплект). Генератордун блок моторун коопсуз монтаждоо/демонтаждоо үчүн колдонулат.
12.Электро-вакуумдук искек. Микросхемалардын тез арада демонтаждалышын камсыздайт.
13.Приметр же лазердик термометр. Микросхемалардын температурасын алыстан өлчөө үчүн колдонулат.
14.Жогорку тактыкта өлчөөчү аспап – өлчөгүч тестер жана искек.
15.Hard Drive Platter Replacement Tool. Магниттик пластиналарды бир гермоблоктон экинчиге которуу үчүн колдонулат.
16.Бинокулярдык МБС-10 жана МС-ВП микроскоптору
17.Макротартуу үчүн керектүү оптикалары бар (Canon, түзөөчү саптар, узартуучу шакектер, жб) санариптик видеокамералар (Canon EOS 5D Mark II, Canon EOS 550D).
19.Отвертка жана искектердин топтому (набор)
20.DigiView DV3200 логикалык анализатору. Туташуунун характеристикасын аныктоо жана принципиалдык схемасы болбогон туташуунун аппарат-түрмөктөгү милдети (устройства) үчүн керектелет.
21.Лаборатордук азыктандыргыч блоктор.
22.Программаторлор. Матрица жана мультиконтроллердеи кайра түзүп чыгуу үчүн абдан зарыл болгон тритон.

Бул жабдыкты колдонуу тууралуу видео-сабакты Youtube порталындагы өздүк каналыбыздан көрүңүздөр!

-5%