Текшерип, оңдоонун мөөнөттөрү

Көңүл буруңуздар! Тез аранын ичинде болуучу диагноз жана оңдоо иш башталгандан мурда төлөнөт!

Диагноздоонун эки түрү бар:

  1. Жөнөкөй – текшерип чыгуунун мөөнөтү 3 иш күнүнүн ичинде жүргүзүлөт, тагыраагы адис буйрутманы кадимки тартип менен карайт деген маанини билдирет. Алдын ала диагноздоо акысыз. Эгер жабдыктын бузуктугун аныктоо үчүн терең диагностика керек болсо, кардар диагнозтиканы жүргүзүү керектиги жана анын баасы тууралуу кабардар болот. Айырмаланган учурлар: Windows оперативдик системасын калыбына келтирүү, жеке компьютерлерге жана ноутбуктарга профиликтика жасоо, заряддоочу уячаларды алмаштыруу (эгерде кошумча тетиктер запаста болсо) жана да программалык камсыздоолордун маселелери – булар үчүн диагноздоо мөөнөтү / буйрутманын даяр болушу бир күндү түзөт(дагы башка кошумча проблемалар табылбаса).
  2. Тез арада – адис сиздин жабдыкты кароого кезек күттүрбөй киришет. Адис ордунда жок болсо, ал келип дианостиканы 24 сааттан(буйрутманы алган убакты кошуп эсептегенде) ашырбай бүтүрөт. Эгерде кардар тез оңдоого буйрутма берсе, анда тез бүтчү диагностиканын наркы жалпы оңдоонун баасынын ичине кирип кетет. Мисалы, сиз ноутбуктун тез диагнозу үчүн 1000 сом бердиңиз, бирок текшерүүдө ноутбуктун энелик платасында бузуктук бар экени аныкталды. Тез оңдоо менен тез текшерүүнүн баалары биригип 6000 сомду түзгөнү менен, сиз 5000 сомдук гана төлөм жасайсыз. Демек, тез текшерүүгө кеткен баа, тез оңдоонун баасы менен биригип, кыскарып кетет.

Оңдоонун түрлөрү:

  1. Жөнөкөй –адис оңдоонун мөөнөтүн кадимки күнүмдүк кезек тартибинде аныктайт. Оңдоо мөөнөтүнүн аныкталышы тетиктердин келишине жана иштин жүрүшүнө байланыштуу.
  2. Тез арада – оңдоонун бул түрү иштин жүрүшү үчүн кошумча тетиктер запаста болсо гана болот. Адис жабдыкты кароого кезеке күттүрбөй киришет, эгер зарылчылык болсо иш графигинен сырткаркы жеке убактысын да бөлөт. Оңдоо мөөнөтү 5 мүнөттөн баштап, эң узагы 3 күнгө чейин созулат. Баасы кадимки баадан эки эсе көп болот. Ал эми тетиктердин баасы ошол бойдон калат.
  3. Эң тез / 24 (маалыматтарды калыбына келтирүү үчүн гана) – адистер буйрутманын үстүндө бир күн кечке иштешет, аны менен бирге кызматтын баасы 300%га көтөрүлөт жана буйрутма 24 сааттын ичинде даяр болот.
-5%