Акысыз жана терең диагностика

Оңдоонун жана диагностикалоонун мөөнөттөрү тууралуу маалыматты бул жерден окуңуз.

Диагностикасы дайыма акысыз болгон жабдыктар:

  • Принтерлер (Өнөржайларда колдонулуучу принтерлерден башкалары)
  • Жеке компьютерлер (Атайын аппараттарга туташтырылган компьютерлерден башкалары)
  • Сигвейлер жана гироскутерлер (Профессионалдыктардан башкалары)
  • Квадрокоптерлер
  • Оюн консолдору

Жабдыктын бузуктугун аныктоо үчүн терең изилдөөнү талап кылган аппараттар:

  • Ноутбуктар. Ноутбукту оңдоодо алдын ала диагностикалоо гана акысыз болуп саналат.

Алдын ала диагностикалоо – бул бир нече жумуштун топтому болуп, төмөнкү максаттарды көздөйт: оңдоонун мүмкүнчүлүктөрүн баалоо, негизги каталарын аныктоо, оңдоо жолдорун табуу. Акысыз алдын ала текшерүүгө төмөнкүлөр кирет:

  • Көз жүгүртүп карап чыгуу,
  • Ток өткөргүчтөрдү текшерүү,
  • Орнотулган программа аркылуу аппараттын иш жөндөмдүүлүгүн текшерүү,
  • Иштөө системасынан кардар белгилеген каталардык текшерип чыгуу.

Акысыз алдын ала текшерүүдө катанын себеби аныкталбаса, сизге терең диагноздоо сунушталат, ал үчүн ноутбукту же телефонду ажыратып – чогултуу керек болот.  Аппаратты ажыратып – чогултуунун баалары:

  • Ноутбук – 700 сом
  • Macbook – 1000 сом
  • Imac –моноблоктун үлгүсүнө жараша 1000 сомдон 2000 сомго чейин.

Терең диагностиканын жүрүшүндө, эгер зарылчылыгы болсо, төмөнкү иштер жүргүзүлөт:

  • Ноутбуктун энелик платасынын диагностикасы,
  • Корпустун ички бөлүктөрүн текшерүү,
  • Жабдууларды жана түзмөктөрдү стресс-тестирлөө,
  • Жабдуулардын иштебөөсүнүн себептерин билүү үчүн донордук бөлүктөрдү колдонуу,
  • Көзгө көрүнгөн жана көрүнбөгөн каталарды табуу.

Эгерде кардар оңдоого макул болсо, анда ажыратып – чогултуунун наркы жалпы оңдоонун суммасынын ичинде болот. Ал эми терең диагностикалоо бекер бойдон калат. Эгер биз сиздин аппаратыңыздагы катаны таба албасак же башка оңдоо жолун сунуштай албасак анда  ажыратып – чогултууга төлөм алынбайт!

Көңүл буруңуз! Фирмалык бланканын үстүндө диагностикага акт түзүү кызматы 1000 сомду түзөт. Экспертизанын корутундусу менен алмаштырып албаңыздар! Экпертиза наркы 3000 сомдон башталат.

Катуу дисктер, эске тутуучу карталар жана башка маалымат сактоочу жабдууларды текшерүү төмөнкүлөрдү камтыйт:

  • Жабдууну (электрониканы) сыртынан кароо,
  • Жабдууну (электрониканы) донорду колдонбой текшерүү,
  • Маалымат сактагычтын лог стартын текшерүү,
  • Файл тутумун алдын ала анализдөө,
  • Толук анализдөө (160 Гб – чейин).

Маалымат сактагычтын терең анализи 1000 сомду түзөт жана ал төмөнкү жол-жоболорду камтыйт:

  1. Маалымат сактагычтын ичинде болгон бардык маалыматтарды изилдөө (160 Гб – көбүрөөк). Бул процедура, эгерде маалымат сактагычтын ичиндеги керектүү маалыматтар,бөлүктөр форматтоонун же башка бир катаанын себебинен өчүп кетсе керек болот.
  2. RAW маалыматтарды калыбына келтирүү процессин жүргүзүү, файл таблицаларынын түпнускасы жок болуп же бузулган болсо колдонулат.
  3. Гермозонаны ачып көрүп,анализдөө. Бул процедура, эгерде магнит башчыларынын блогу, маалымат сактагычтын магниттик бети бузулган деп табылса аткарылат.
  4. Кардардын электроникасынын платасын текшерүү үчүн донордук жабдыктарды тандап алуу. Бул процедура, эгерде магнит башчыларынын блогу, катуу дисктин электроникасынын платасы бузулган (тактап айтканда; диск тесийик кыймылдаткычын айландырбаса) деп табылса колдонулат.
  5. Телефонду бириндетип ачып көрүү, EMMC, UFS эске туткучун ширетүү менен бирге. Бул процедура, эгерде телефон толук бузулса, зыянга учураса же суюктук төгүлүп кетүү себебинен бузулса колдонулат.
  6. Телефондогу жоголгон маалыматтарды калыбына келтирүү, “рут” жасоо, анализдөө үчүн маалымат базасын түзүү.
  7. Кайрадан ширетүүгө муктаждык бар болуп калышын эске алып, MicroSD, SD же USB эске тутуу карталарын анализдеп коюу.
  8. Бир нече катуу дисктердин топтомун(REID массивдерди) изилдөө. REID массивдердин ар бир бөлүгүнө 2000 сомдон.

Терең анализдөө аяктагандан кийин, эгерде кардар жасала турган иштин баасы менен макул болсо, анда анализдин наркы жалпы баанын ичине кирип кетет.

Кадимки күнүмдүк тартип менен жүргүзүлгөн диагноздор гана акысыз болуп эсептелет. Тез аранын ичинде болуучу диагноз төлөм менен гана болот.

-5%