Топтогучтардын катардагы бузулуулары

Дээрлик көп сандагы топтогучтардын өзүнө таандык бузулуулары болот. Албетте, бул мындай жабдуулар бат эле бузулуп калат деген мааниге келбейт. Башка бузуулар деле бар, демек, мындай жабдыктардагы бардык иштебей калуулардын жарымы – оңдоонун  белгилүү бир көрүнүштөгү белгилери жана ыкмалары менен болгон  иштебей калуулар.

Иштебей калуунун (отказ) мындай типтери “катардагы бузулуулар” деп аталат. Катардагы бузулуунун пайда болушу – жабдуунун толук иштелип чыкпагандыгынын белгиси, башкача айтканда заводдук жараксыз болуп саналат. Бирок, муну далилдөө оңойго турбайт. Ошондуктан, “катардагы бузулуу” диагнозу себебинен жабдуусу иштен чыккан кардарлардын дээрлик бардыгы тиешелүү органдарга жабдыкты сатып алуудагы текке кеткен акчалай каражаттары үчүн кайрылбайт.

Катардагы бузулуулардан бир нече мисал келтиребиз

Seagate Barracuda 7200.11, 7200.12  топтогучтары  жана жаңы сериялары. Бул жабдыктын негизги бузулуусу – топтогучтун ишине микропрограммалардын бөгөт коюусу же болбосо интернетте жүргөн “Це Це чымыны”. Бул ысым, микропрограмма ишке бөгөт койгондо мындай Хард диск терминалга  «LED CC» сыяктуу билдирүү жиберүүсүнөн улам келип чыгат. Муну дайыма жеңил программалык ыкмалар менен чечүүгө болот (кээде бул маселени чечүү үчүн терминалдык адаптердин болуусу зарыл жана эч болбоду дегенде эмне кылып жатканыңызды билүүңүз керек; командаларды ойлонбостон колдонуу, азыр аны интернеттен оңой табууга болот, дайыма диск “чыгарылып жатат” абалына алып келет. Бирок маалыматтарды бербейт – үстүнүн (жалпы сүрөтүнүн) көрүнүүсү үчүн аны толугу менен форматтоо керектелет). Оор учурларда (терминалга бөгөт коюлганда, команданын үзгүлтүккө учураган терүүсү жана башкалар) ROMду patchтоо керектелет – бул айтылып жүргөн маселе.

Seagate Barracuda топтогучтарынын (флешка-карта) эски үлгүлөрү (7200.11 ге чейин). Кеңири таралган эки көйгөйү бар: ийиктүү кыймылдаткычка шынаа орнотуу жана «pending bug». Биринчи бузулуу эң жөнөкөй диагноздолот: диск айланбай жатат. Тек гана хирургиялык жол менен оңдолот. Экинчиси – алда канча оор. Топтогуч көп убакыт бою – “катып” тура берет, ал эми системада аныкталбайт, аныкталса да көп убакытты алат, маалыматтарды окуганга аракет жасаганда эле кайрадан “катып” калат. Бул учурда терминал «Initializing pending request for LBA XXXXX» (чынын айтканда, эмне үчүн бузулуунун мындай тиби “pending bug” деп аталып калган)  аталыштагы билдирүүлөрдү жиберет – качан  экинчиге жана кийинки секторлорго аткаруу керек болгондо Хард диск G-List ке жаңы эле табылган дефект секторун киргизүүгө аракет кылат. Андыктан мындай секторлордун кезеги көбөйөт, ал эми микропрограмма бир эле учурда  жаңы сектордун дефекттерин таблицага киргизүүдө бир гана буйрукту аткара алат, топтогуч “катып” калат – бардык секторлордун орнотууларынын аякталышын күтүү процесси башталат, G-List те  кезектер “күтүлө” баштайт. Бузулуу, микрокоддун баштапкы жүктөлүшүнө жооп берген кызматчы зона бөлүгүнүн модификациясы ыкмасы менен оңдолот.

Western Digital үй-бүлөсүнүн бардык заманбап топтогучтары. Бул дисктердин негизги көйгөйү – буйрукка жай жооп берет. Дефекттердин (G-List) өсүү таблицасы толуп калат, ошондо топтогуч анын кийинки бөлүгүн жайгаштыруу үчүн  кызматчы зонадан орун издөөгө мажбур болот. Мындан улам топтогуч көп убакытка токтоп, иштөөсү кечеңдейт. Мындай бузулуудан топтогучту арылтуу үчүн программалык ыкмалар керектелет (кызматчы зонага өзгөртүү киргизүү аркылуу). Качан топтогуч ар бир буйрукка 1 – 1,5 саат убакыт кетирип, иштөөсү кечеңдеген кыйын учурларда, эң башта коопсуз режимде инициализациялоо зарыл, андан кийин гана кызматчы зонаны оңдоо керек.

М8 үй-бүлөсүндөгү Samsung топтогучтары. Бул көбүнчө сырткы диск катары колдонулган  ноутбуктун Хард Дисктери. Бирок, алардын конструктивдик өзгөчөлүгү – актуатордун алсыз электромагниттик кулпусу. Жетишсиз электр тогунда (мисалы, чукул суурулган USB – боосу) электромагниттик кулпу иштегенге жетишпей калат, ошондо  токтотулуучу (парковочный) рампадагы запарковканын ордуна головкалар сырткы бетинде калат. Кийинки стартта ийик моторду диск айландырбастан, көбүнчө, эгер тыңшаганда, диск чыйылдайт – мотор айландырганга аракет жасайт, бирок айландыра албайт, анткени головкалар менен тосулуп калган. Көбүнчө бул көйгөй хирургиялык жол менен бат эле чечилет, бирок кээде колдонуучулардын маалыматтарына жетүүгө кыйын болгон учурлар да кездешет.

SandForce  микропроцессорунун базасындагы SSD  ADATA, Kingston жана башка  топтогучтары. Жакшы иштеген жабдык, тез жана өндүрүмдүү, күтүүсүздөн аныкталбай калат же “SandForce (кандайдыр бир сандар)” деп көрүнүп калат. Топтогучтун трансляторунда ката кетет жана  микроконтроллердин циклоребутуна кетет, мында токтотуу мүмкүн болбой калат. Бул ката кетүүнүн себеби, эрежеге ылайык, биринчиси – түзүлүштөн чыгуу же болбосо SSDнин NAND-эсиндеги чиптердин бирөөсүнүн катуу деградациясы. Мындай SSDни интерфейске чыгаруу – оор, кыйын маселе, бирок эң башкысы – бул дайыма эле боло бербейт. Маалыматтарды кайра калыбына келтирүүнүн дагы бир жолу – топтогучту терминал аркылуу окутуу жана маалыматтарды чечмелөө. Мындай дайыма эле кездешпейт. SandForce микроконтроллеринин базасындагы топтогучтар туруктуу алгоритмдер менен шифрленген, ар бир топтогучтун өзүнө тиешелүү шифрлери бар.

Биз топтогучтардын бир нече типтеги бузулууларын гана карап чыктык; алардын иштеши – түркүмү (үй-бүлөсү) жана өндүрүлгөн маркасына көз каранды. Биздин инженерлер мунун бардыгын оңдой алышат.

Эгер сиздин маалыматтарыңыз коркунучка кабылса, кабатыр болбоңуз, биз сиздин маалыматтарыңызды дээрлик калыбына келтирип беребиз. Бизге канчалык эрте кайрылсаңыз, ошончолук сизге жардам берүү шансыбыз жогору болот!

-5%