MagSafe ондоо жана алмаштыруу

Биз гаджеттибиздин өзүнө көп маани берип жатып, бирок анын туруктуу иштешин камсыз кылган бөлүгүн унутуп коёбуз. Бул – заряддагыч.

Ноутбуктардын иштешине көп учурда кыйынчылык жараткан маселелердин бири бул – заряддагычтын бузулушу. Кабель көбүнчө блоктун корпусунун жанында же MagSafeтин өзүнүн баш жагында сынат. Сүрөттө зымды өз алдынча оңдоп көрүү аракетин көрүп жатасыздар, ал аракет ийгиликтүү болбогонун да байкасаңыздар болот. А биздин адистер зымды толугу менен алмаштырышат, ал үчүн заряддагычтын ичи кылдаттык менен ачылып, андагы эски зым жаңы зым менен ширетилип,заводдогудай орнотулат. Мындай караганда, бизде жаңы зым орнотулган “Apple”дын (блок питания) зарядды камсыздоо каражаты пайда болду. Ремонт MagSafeтин моделинен көз каранды эмес жанан оңдоонун азыркы учурдагы баасы 2200 сом. Адатынча биз электр туташтыргычты эң көп дегенде бир жумуш күнү ичинде алмаштырып бере алабыз. Оңдолгон буюмга 3 ай кепилдик берилет. Кээде азыктандыргыч блоктун күч бөлүгү жарактан чыгат, эрежеге ылайык, тетиктердин (запчасть) колдо болушуна карап, муну биз 1-2 жумуш күнүндө оңдой алабыз.

Азыктандыргыч блоктун көп бөлүгү жарактан чыккан болсо, башкача айтканда текстолити күйүп кеткен, же чыгуу тестирлөөсүнө мүмкүнчүлүк жок, же болбосо токту көтөрө албаса аны оңдоого болбойт.

Ар бир оңдолгон азыктандыргыч блок сөзсүз түрдө токтун күчү менен чыгуу тестирлөөсүнөн өтөт. Тестирлөөдөн кийин гана тапшырганга өткөрүлүп берилет.    

MagSafe ондоо жана алмаштыруу

-5%